Анжелина Жолиге окшошуу үчүн 50 операция жасатты делген ирандык кыз бул маалыматты жокко чыгарды

1652 0

Анжелина Жолиге окшошуу үчүн 50 операция жасатты деп интернетке таркаган маалыматты ирандык кыз жокко чыгарды. 17 жаштагы Сахар Табардын РИА Новостиге берген маегинде, ал чынында мурдуна гана операция жасатып, эриндерин чоңойттурганын билдирди.



Ал эми инстаграммдагы сүрөттөрдүн бардыгы фотошоптун жардамы менен атайлап өзгөртүлгөн. Ошондой эле ал Анжелина Жолиге окшошууга ниети жок экенин айтып берди. Белгилеп кетсек, тараган маалыматта Сахар Табар 50 операция жасатып, 40 килограммга арыктаган деп жазылган.

Анжелина Жолиге окшошуу үчүн 50 операция жасатты делген ирандык кыз бул маалыматты жокко чыгарды


Булак: novosti.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->