Кичинекей баласын тепкен кишинин аялы аны камактан чыгарууну суранууда

2189 0



Жерде жатып калып атасынан тепки жеген баланын апасы күйөөсүн камактан чыгарууну суранды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдалды.

Маалыматка ылайык, баласын ичке тепкен атанын 40 жаштагы аялы укук коргоо органдарынан күйөөсүн коё беришин өтүнгөн. Ал баланын атасынын үстүнөн арыз жазбай тургандыгын билдирген. Балага карата жасалган мамиле боюнча иликтөө иштери уланууда.

"Бүгүн Октябрь райондук соту ал кишиден тергөөчүнүн уруксаты жок эч жакка чыкпоо боюнча тилкат жаздырып коё береби же тергөө иштери аяктаганга чейин кармап турабы чечим кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->