$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

2 жаштагы баласын катуу тепкен киши Сокулуктагы Мамкаттоо кызматынын жетекчилигинен бошотулду

676 0



2 жаштагы баланы катуу тепкен Бариер Адиев Сокулук районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары экендиги аныкталды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, түзүмдүн жетекчиси Дастан Догоев аны кызматынан кетирүү боюнча тапшырма берди.

Мурда социалдык тармактарда жерден тура албай жаткан 2 жашар баланы катуу тепкен киши катуу талкуу жараткан. Тасма Бишкек шаарынын Улан-2 кичи районунан тартылганы белгилүү болгон.

Буга чейин:
Бишкек ШИИБ милиция кызматкерлери жерде жаткан кичинекей баланы тепкен эркек кишини кармагандынын кабарлаган.
Ал наристени тээп жаткан тасма социалдык тармактарга жарыялангандан кийин Октябрь РИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, анын ысымын тактап, башкармалыкка алып келишкен. Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткан. Баланы тепкен киши анын атасы болушу мүмкүн экендиги божолдонгон.

Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->