$ 68.16 - 68.33
€ 78.60 - 79.45

Нурсултан Назарбаев бойдокторго аялды кайдан издөө керектиги тууралуу кеңеш берди

1918 0



Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев "Казакстандын 100 жаңы ысымы" проектисинин катышуучулары менен болгон жолугушууда бойдокторго өмүрлүк жарды кайсыл жерден издөө керектиги тууралуу кеңеш берди деп жазат Qamshy.kz сайты.

Маалыматтарга караганда, казак ажосу жолугушууда "азыркы учурда жаштар кыздар менен таанышуу үчүн дискотекаларга барышат. Бирок ал жерде музыканын үнүнөн бир-бирин угууга мүмкүн эмес. Кайсыл тармакка кызыгууң көп болсо ошол тармактагы кыз менен тааныш. Эгерде эки адам бир максат үчүн чогуу болсо - баары ийгиликтүү болот " - деди ал.

Ошону менен бирге эркектерге кеңеш берип, биз да мүнөзүбүздү өзгөртүшүбүз керек. Көпчүлүк учурда аялдарга карата зордук-зомбулук болгонун айтабыз. Бүгүнкү күнгө чейин кээ бир аялдардын эч нерсеге укугу жок. Эмне себептен батышта аялдар кеч турмуш курушат, анткени алар көпчүлүк учурда каржы тараптан эркектерге көз каранды болууну каалабайт. Алар өздөрүнө керектүү бардык шартты түзүп алган соң үй-бүлө курушат, ошондо алар өз алдынча кесиптерин өздөштүрүп жашап кетишет - дейт казак ажосу.

Булак: NazarNews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->