Наристени тепкен кишиге кылмыш иши козголуп, камакка алынды

751 0



Карда жаткан кичинекей баланы тепкен кишиге кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматкери Адыл Оморов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, интернетте тараган тасма боюнча Октябрь райондук милициясы ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада 50 жаштагы А.Б. аттуу Улан-2 кичи районунун жашоочусу кармалган. Ал суракта өз баласын тепкенин моюнуна алган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кармалган жарандын мас же соосу, баласын эмне үчүн тепкени азырынча белгисиз. Сот анын баш коргоо чарасын дүйшөмбү күнү карайт.

2-декабрда интернетте тайгак жолдон баса албай жерге жатып калган 1,5-2 жашар наристени белгисиз бир киши тепкен видео тарап, кызуу талкуу жараткан.

Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->