$ 68.16 - 68.33
€ 78.60 - 79.45

Абактан качкан төртүнчү адам кармалды

163 0



Сокулук милициясынын тергөө абагынан качып чыккан Кайрат Жанботоев кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев ырастады.

Кылмышка шектүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1-декабрда таңга маал Чүй облусуна караштуу Спартак айылында камыштын арасында жашынып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт киши качып кеткен.Бул адамдарга карата Кылмыш кодексинин “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” беренелери боюнча айып тагылып жаткан. Бул окуяга байланыштуу Сокулук райондук прокуратурасы иш козгоп, эки милиция камакка алынган. Райондук милиция жетекчилери кызматтан бошотулган.

Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->