$ 68.04 - 68.29
€ 79.42 - 80.30

Жээнбеков Масляковго КВНдин жайкы кубогун Ысык-Көлдө өткөрүүнү сунуштады

565 2

КВН эл аралык бирикмесинин жетекчиси Александр Масляковго "Достук" төш белгиси ыйгарылды



Президент Сооронбай Жээнбеков КВН эл аралык бирикмесинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Масляков 21-ноябрда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кыргыз-орус достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн "Достук" ордени менен сыйланган.
Бүгүн, шаршемби күнү, Жээнбеков Масляковго сыйлыгын тапшырды.

Масляков өз учурунда ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга бир нече ирет келгенин айтты.

"Кыргызстандык жаштар КВНге ар дайым катышып келет. Бир нече жыл мурда Кыргызстанга барып, таланттуу балдар көп экенине ынангам", — деди Масляков.


Ал ошондой эле Жээнбековдун ишине ийгилик каалап, жаштарды колдоого чакырды. Ал эми Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев ыйгарган орденди тапшыруу ал үчүн сыймык экенин белгиледи.

"КВН — бул элдик оюн. Учурда Кыргызстанда дагы өнүгүп жатат. Жеке сиз эл ортосундагы достукту чыңдоого чоң салым коштуңуз. Биз ар дайым сизди теледен көрүп, өзүбүздүн балдар үчүн жан үрөп турабыз. КВНдин кийинки чемпиондор кубогун Ысык-Көлдө өткөрүү сунушун бергим келип турат", — деди мамлекет башчы.


Масляков жакшы сунуш түшкөнүн айтып, бул жаатта ойлонуп көрөрүн билдирди.

Жээнбеков жумушчу иш сапары менен Москвага барды. Анын алкагында Россиянын лидери Владимир Путин жана өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен жолугушат. Андан кийинки сапарын Минскиге жасап, ЖККУнун юбилейлик саммитине катышмакчы.


Булак: sputnik.kg

Комментарии пользователей (2)

Ваш аватар
  



Фото юзера Timothyerume
Timothyerume 29.11.2017


В интернете можно приобрести качественную одежду для ребенка по привлекательным ценам, не выходя из дома. Так же в таких магазинах регулярно проходят различные акции и распродажи сезонного товара. Подробнее читайте на сайте [url=http://dettka.com]dettka.com[/url]
Фото юзера Valentinamum1982
Valentinamum1982 29.11.2017


Не забудь поздравить своих близких с юбилеем отправь всем родным прикольное отправить поздравление невероятно просто! Соверши доброе дело здесь: [url=http://info-sovety.ru/]поздравления с днем рождения сыну[/url]

-->