$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

Сирияга алданып барган жаран: Көз алдымда аялдар, жаш балдар каза болду, чыдабай кеттим

1764 0



Жалал-Абад шаарында диний экстремисттик жана террористик идеологиядан өз каалоосу менен баш тартууга арналган «Толеранттуу кол алышуу» иш-чарасынын алкагында Сузак районунун Алишер аттуу тургуну Сириядагы согуштук аракеттерге кантип катышып калганын айтып берди.

Анын пикиринде, ал Россияда иштеп жүрүп, «Одноклассники» соцтармак аркылуу Түркияда жүргөн балдар менен таанышкан. Алардын айткандарына азгырылып, иштеп тапкан акчасына билет алып, Сирияга кетип калган.

«Социалдык баракчада таанышкан балдар Сириядагы согуш туура экендигин хадисттерде, аяттарда айтылган сөздөрдү мисал келтиришип, ар кандай видеолорду жөнөтүшсө алардыкын туура деп ойлоптурмун. Көрсө хадистерди бурмалашыптыр. Соцтармактагы тааныштарга ишенип, өзүм иштеп тапкан акчага Түркияга билет алып баргам. Ал жактан 2 адам тосуп алышып, Түркиянын чек арасына барганда араб кишиге тапшырышты. Алар менен Сирияга өтүп баратканда Түркиянын чек арачылары көрүп калып, ок чыгарышты. Ошол жерден шок болуп калдым. Сирияга өткөндөн кийин бир шаарга алып барып, 20дай адамга кошуп коюшту. Өтө кыйын болду. Ал жактагы досторуң жакшы мамиледе болот дешкен, андай болгон жок. Физикалык жактан даярдыктан өткөрүштү. Тамактанууга саналуу гана мүнөт берилчү, ошол убакытта жетишип тамактанып калышың керек, болбосо ачка каласың.
Бетон курчалган бузулган имараттарда түнөп жаттык. Ал күндөргө чыдабай балдар ыйлашчу. Жеке суроолор берилчү эмес. Ал жактан кыргызстандыктар бар-жогун билген жокмун. Анткени адамдын өздүгү тууралуу айттырышпайт. Даярдыктан кийин башка шаарга алып барышты. Ал тарапта учак келип бомба таштап кетти. Көз алдымда аялдар, жаш балдар каза болушту, жүрөгүм ооруду. Чыдай албай кеттим. Согуш болуп жаткан жерден качуунун жолун ойлоно баштадым. Эптеп чек арага бардым, мен кирип баратканда Түркиянын жоокерлери аз эле, качып барганымда жоокерлер көп экен. Алардын жанына барсам атып салышы мүмкүн деп коркуп, бара алган жокмун. Солярка ташыган бирөөгө жалынып, жалбарып жатып ал мени Түркияга алып өттү. Чөнтөгүмдөгү болгон тыйынга Стамбулга билет алып учуп келдим. Ал жерден атама интернет аркылуу чыгып, жаңылышып келип алганымды айттым. Атамдар Түркиядан Россияга учуу үчүн электрондук билет салышты. Россияга келгенден кийин депортация болуп, Кыргызстанга келдим. Укук коргоо органдарына өзүм келип баарын айтып бердим, кечирим сурадым», - деп тургун башынан өткөн окуясын айтып берди.


Ошондой эле ал: «Сирияда жихад жок, мага окшоп соцтармактагы алдамчыларга, видеолорго ишенбегиле, алдамчылардын тузагына түшүп калбагыла!» деп кошумчалады.

Алишер үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы. Ал Сирияга барып келгени тууралуу айтып берип жатып, ага эч ким акча сунушталбаганын, тескерисинче өзү акча таап барганын билдирди.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө ушул сыяктуу окуялар мисал келтирилип, диний экстремизмдин алдын алуу жолдору жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Маалыматтарга караганда, Жалал-Абад дубанынан 130дан ашуун жаран Сирияда жүрөт.


Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->