$ 68.16 - 68.33
€ 78.60 - 79.45

Ош—Бишкек жолунда Сузактын тургунун өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

564 0



Ош—Бишкек жолунун Сузак районундагы аймагында 40 жаштагы жаранды унаа өлтүрө сүзүп кетти.

Жалал-Абад облустук патрулдук милиция бөлүмүнүн уюштуруу жана үгүт иштери боюнча кызматкери, милициянын капитаны Н.Саркаровдун айтымында, окуя 27-ноябрдан 28-ноябрга караган түнү саат 02:50лөр чамасында Ош—Бишкек жолунун 582-чакырымында, тактап айтканда Сузак районунун Беш-Мойнок айылына жакын жерде катталган. Унаа коюп кеткен айылдын тургуну окуя орун алган жерде каза болгон.
«Айдоочу изин жашырып качып кеткен. Түнү милициягы кырсык тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн оперативдүү топ түзүлүп, издөө иши жүргүзүлүүдө. Окуя тууралуу билгендер (03722) 2-03-93 номуруна байланышып коюуну өтүнөбүз. Анонимдик кепилдик берилет», - дейт ал.


Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->