Курманбек Бакиев "Хабар" каналына маек берип, Кыргызстанга келерин айтты (Видео)

1808 0



Бакиев 2005-жылы "Жоогазын революциясынан" кийин бийликке келип, 2010-жылы эл тарабынан куулган

Экс-президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтуу ниетин билдиргенин Tengrinews.kz жазды.

Бул жөнүндө Бакиев "Хабар" телеканалынын Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуялар боюнча даректүү тасмасында билдирген.



"Мен эмне кийип турсам ошол боюнча чыгып кеткем. Эстелик үчүнбү, айтор, кийим-кече, байпак, ич кийимдериме чейин алып кетишиптир. Идиш-аякты айтпай эле коёюн. Убагы келгенде мекениме кайтарыма көзүм жетет", — деди Бакиев тасманын анонсунда.


Ошондой эле бул тасманын дагы бир экс-президент Роза Отунбаева сүйлөп жаткан үзүндүсү пайда болду.



"Мага анда Вашингтондон Нурсултан Абишевич (Назарбаев) телефон чалды", — деп айтат Отунбаева.


Буга чейин даректүү фильмдин Казакстан президентинин администрация жетекчиси Адилбек Жаксыбеков катышкан үзүндүсү интернетке чыккан.

Курманбек Бакиев 2005-жылы "Жоогазын революциясынан" кийин бийликке келип, 2010-жылы эл тарабынан куулуп, Белорусияга качып кеткен.

Ал 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдердин бийлигине каршы митингге чыккан элди аткылоо боюнча иштин негизги "каарманы" болуп эсептелет. Жогорку сот Курманбек Бакиевди сыртынан өмүр бою эркинен ажыратып, кийин жаш курагын эске алуу менен мөөнөтүн 30 жылдык жаза өтөөгө алмаштырган.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->