$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Ташкентте эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

1431 0



Ташкентте милиция кызматкерлери жүргүзгөн рейд учурунда жүздөгөн киши кармалды. Алардын арасында 16 сойку, 300дөн ашуун шаардык каттоосу жок киши жана эл аралык издөөдө жүргөн бир жаран бар.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, 25-ноябрга караган түнү тартип сакчылар бир нече кафени тинтүүгө алган.

Сойкулук менен алектенген 16 аялга карата административдик протокол толтурулган. Спирт ичимдиктерин ичип, коомдук тартипти бузган 5 кишиге айып пул салынган. Өлкөнүн ар кыл аймагынан келип, каттоого турбай, туруктуу иштеген жери жок жүргөн 363 жаран аныкталган.

Бул арада киши өлтүрүүгө айыпталып, эл аралык издөөгө алынган 43 жаштагы кыргызстандык жаран кармалган.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->