$ 68.16 - 68.33
€ 78.60 - 79.45

Сокулук районунда убактылуу кармоочу жайдан “каракчылык”, “киши өлтүрүү” боюнча айыпталган 4 жаран качып кетти

417 0



Бүгүн, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткендигин ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Качып кеткен 4 киши “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип кармалышкан. Азыркы тапта ИИМдин жана Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлери качып кеткен кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Ал эми Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланды”, - деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.



Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->