Каттоо кызматынын жетекчиси жол кырсыгынан каза болду

442 0



Ош шаарынын мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тяншанбек Марипов жана анын 2 бир тууганы Шарабидин жана Арабидин Мариповдор жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Ош облусуна караштуу Алай районунда болгон. «Лексус LX-470» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ролду башкара албай оодарылып калган. Жыйынтыгында 3 адам каза болду.

Булак: fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->