$ 68.04 - 68.29
€ 79.42 - 80.30

Таласта аялын өлтүрүп туруп көөмп салган жаран, кайра эч нерсе болбогондой 2 жолу үйлөнгөн

2865 0



Талас облусунун Манас районунда мурда чогуу жашаган аялын сабап өлтүрүп, көмүп салууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирет.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 17-октябрында Манас РИИБдин кызматкерлери айылдагы кашарлардын биринен адамдын сөөгү табылгандыгын каттаган.

Кашарда курулуш иштери жүргүзүлгөн. Тракторист жерди казып жатып, белгисиз аялдын денеси табылган учурда ишти токтоткон. Аялдын ысымын тактоого мүмкүн болбой турган абалда болгон.

Экспертизанын жүрүшүндө анын башына катуу сокку урулгандыгы такталган. Кашардан айланасында жашагандардын баардыгы, сарайдын ээси суракка алынган. Көп өтпөй кылмышка шектелип, аталган кашарда малчы болуп иштеген, Кара-Кулжа районунун 1983-жылы туулган тургуну У.Б. кармалды. Өлгөн аял мурда Ала-Бука районунда жашаган 1971-жылы туулган А.Элмира экендиги аныкталды. Аталган факты боюнча кылмыш иш козголду.

Такталган маалыматтарга караганда, шектүү менен өлтүрүлгөн аял бирге жашап, кашарда малчы болуп иштеп жүрүшкөн. Аларга малчы болуп иштөө үчүн кашарга 2015-жылдын ноябрь айында келишкен.

Кылмыш 2016-жылдын январь айында болгон. Шектүү мас абалдагы учурда экөөнүн ортосунда чатак чыгып, аялды күрөк менен башка чапкан. Алган жаракатынан улам аял каза болгон. Кылмышты жашыруу үчүн сарайдын аркасына чуңкур казып, аны көмүп салган. Сарайдын ээсинин сурагандарына аялы Бишкекке кетти деп жооп берип, ар кандай себептерди айтып жүргөн. Бул учурда аялдын туугандары аны издеп, ал дайынсыз жоголгон адам катары издөөдө болгон.

Бир нече күндөн кийин шектүү өзү да Бишкекке кеткен. Бирок жарым ай өтпөй ал жактан 1987-жылы туулган келинди ээрчитип келген. Өлтүрүлгөн А.Элмираны болсо мурдагы күйөөсү менен элдешип, аны менен кеткендигин айткан.

Жаңы аялы менен кашарда бир аз иштеп, экөө кайра чет өлкөгө иштеп кетишкен. Шектүү жаңы аялы менен да ажырашып, дээрлик 1 жылдан кийин 2016-жылы ошол эле кашарга кайра үчүнчү аялы менен келген. Ал бир аз иштегенден кийин сарайдын ээси башка малчы жалдоону туура көргөн. Сарайды оңдоп-түздөө иштерин жүргүзгөн учурда өлтүрүлгөн аялдын денеси табылган.

Булак: 5news.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->