$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Сооронбай Жээнбековдун Ак Үйгө багыт алган кортежин ээрчиген белгисиз унаа тууралуу ИИМ түшүндүрмө берди

1001 0



Кечээ, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматына киришүү аземинен соң Ак Үйгө багыт алган кортежин ээрчиген белгисиз унаа жана анын милиция кызматкерлери тарабынан токтотулганы түшүп калган видео коомчулукта талкуу жаратты.

Ал видеодогу унааны айрым интернет колдонуучулары кортежди коштогон унаалардын бири десе айрымдары анда эмнеге курал көрсөтүп токтотушат деген пикирлерин калтырышкан.

Аталган видео боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда ал унаа кортежди коштоп жүргөн унаалардын бири экенин айтты.

"Ал ак түстөгү Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабас унаа президенттин кортежин коштоп жүргөн. Бирок ал бир аз алысыраак жүрүүсү керек болчу. Аны аралыкты сакта деп токтотушкан. Негизи президенттин кортежи өтүп бара жатканда ага эч качан башка унаа кошула албайт, коопсуздук кызматкерлери тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлөт", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.




Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->