Фармацевт дарыгердин жазуусуна түшүнбөй, башка дары берип койгондуктан 3 кыз каза болду

1402 0



Өзбекстандын Ташкент шаарында бир үй-бүлөнүн 3 кызы 7 жаштагы Муниса, 6 жаштагы Мухлиса жана 4 жаштагы Мохира дарыдан ууланып каза тапканын Sputnik Өзбекстан жазды.

Маалыматка караганда, кыздардын эң кичүүсү ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Калган экөө биринен кийин бири набыт болду.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кыздар дары-дармектен ууланып каза табышкан.

Маалым болгондой, кыздарга паразиттерге каршы “Вермокс” дарысы керек болчу. Бирок, дарыканадагы фармацевт дарыгердин жазуусуна түшүнбөгөндүктөн “Верапамил” деген аталыштагы дарыны берип жиберген. Бул дары жүрөк, гипертониялык ооруга тийиштүү препарат болук чыккан.

Натыйжада аталган дарыны ичкен кыздар нес абалында өздөрүн жаман сезишип, ооруканага жетпей көз жумушту.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: 5news.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->