$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Роза Отунбаева: инаугурацияга чакырса да бармак эмесмин

492 0



Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына барууну өзүнө ылайык көрбөгөнүн айтты. Ал мурдагы бийликке каршы турган санаалаштары азыр темир тор артында отурганын, мындай учурда Жээнбековдун ант берүү аземине барганы туура эмес болуп каларын белгиледи:

- Атамбаев болобу же Жээнбеков болобу, биздин далыбыздан басып өтүп бүгүнкү бийликке келген адамдар. Эгер мен ошол жерге барсам, өзүмдү ыңгайсыз сезмекмин. Кайсыл арыма барып, жыргап отурмак элем? Жолдошторубуз Өмүрбек Текебаев түрмөдө, 2010-жылы Жалал-Абадда токмок жеп жүргөн Бектур Асанов азыр түрмөдө, Дүйшөнкул Чотонов губернаторлук ордун Жээнбековго берди эле, ал деле түрмөдө отурат.


Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда ант берип, президенттик кызматка киришкен. Инаугурация "Ала-Арча" резиденциясында өткөн. Ага 450 конок чакырылган. Президенттик аппарат чакырылган коноктордун тизмесине Отунбаева киргизилбегенин расмий билдирген.

Роза Отунбаева 2010-жылы Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан соң 2011-жылдын 1-декабрына чейин мамлекетти башкарган.

Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->