$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

Кочкордогу жол кырсыктан 5 адам жаракат алды, алардын бири наристе

1010 0



Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында кечээ, 24-ноябрда жол кырсыктан 5 адам жабыр тартты. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кочкор районунун Сары-Чат тилкесинде «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 01KG294AAS) башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен.

Анын кесепетинен 1 эркек киши, 3 аял киши жана 1 кичинекей бала жаракат алды. Куткаруучулар аларды унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->