$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

Президенттин төш белгисин тагынган жаранга нааразы болгондор көбөйдү

803 0



Кечээ, 24-ноябрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы "Энесай" кабыл алуу үйүнүн алдында белгисиз эркек кишинин президенттин төш белгисин тагынып сүрөткө түшкөнү жарыяланган.

Бул сүрөттөн кийин соцтүйүндүн колдонуучуларынын талкуусуна түшүп, нааразы болгондордун катары көбөйдү.

Алсак, акын, журналист Зайырбек Ажыматов мамлекеттик эн белгилерди кордогондор кандай жазага тартылат деп суроо салды.

«Мамлекеттик эн белгилерди кордогондор, шылдыңдагандар кандай жоокерчилик тартат? Же булар жазаланбайбы?»,- деди ал. Фейсфуктун дагы бир активдүү колдонуучусу Мурат Жетимишбаев: «Ушундай чагымчылдарды таап ачыка чыгарылып уяткарылып, "бет пардаларын" сыйрып, жазага тартмайын бул күчөгөндөн күчөй бермекчи»,-деп пикири менен бөлүшкөн.

Булак: 5news.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->