Анжелика: ”Мага душман көрсөтүп, биздин кимибиз жакшы-жаман дегидей Кудай болуп кеттинерби..."

2898 0




Кечээ жакында орусиялык визажист Бишкек шаарына келип сулуулук дүйнөсү боюнча мастер класс өтүп, модель Айжан Асемованы сулуулаган. Коомчулуктун алдына моделди боёксуз алып чыгып, ага кече макияжын жасаган. Мастер класс учурунда эстрада ырчысы Анжелика барып, Гоардын моделди сулуулап жаткандагы сүрөт жана видеолорун өзүнүн баракчасына жүктөп, чуу жараткан.

Социалдык тармактагы колдонуучулар эки жаатка бөлүнүп, бири Анжеликаны сулуу дешсе, бири Айжанды сулуу деген пикирлерди калтырышкан.

Бул маалымат Гоардын өзүнө жеткен соң, ал Айжан тууралуу өз оюн:
"Мне очень хочется поддержать мою сегодняшнюю модель Айжан, которую просто начали гнобить все местные группы и писать гадости, создавать всякие мемы и так далее. Нашли ее худшие фото с мастер класса и начали заливать, Мол с косметикой одна- без другая, в инсте красивая - в жизни нет! Дорогая Айжан, ты прекрасна со всех ракурсов и в любом состоянии, просто нужно смириться с тем, что люди так убивают свои комплексы. Унижая другого человека, находя в нем кучу недостатков. Я в свою очередь , хочу пожелать всем, кто позволяет себе осуждать других , начать любить себя жизнь так меняется , все вокруг становятся красивыми и все начинает получаться! Я сама к этому долго шла, но я смогла, и у вас получится"
деген пикирин калтырган соң, ырчы Анжелика өзүнүн баракчасындагы сүрөт жана видеолорун толугу менен өчүрүп салган эле.

Мындай эки сулуунун орстосундагы чырды алгач журналист Баян Кулова жазып чыккан. Жогорудагы болуп өткөн окуяны ырчы Анжелика, "Мага душман көрсөтүп,биздин кимибиз жакшы-жаман дегидей Кудай болуп кеттинерби???, деген таризде өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып калтырды. Анжелика айымды биз ырчы жана аракетчил мыкты айым катары билебиз. Тилекке каршы, Анжелика айымдын элге карата төмөнкү пикири “одоно” мамиле десек болчудай. Демек Анжелика устаты эжекеси Айчүрөк Иманалиева кылган мамилесин, эми кыргыз калкына көрсөтө баштадыбы?, деген ой жаралат. Анткени ал буга чейин Айчүрөк Иманалиева “менден Сизге 100 миң подписчик” деп жазып мазактаганы эсибизде. Демек, Иманалиевага Анжелика адамдарды белек катары берип жатабы?

Төмөндө Анжелика айымдын адамдарга болгон ой-пикирин өзгөртүүсүз жарыя кылабыз.

-«Айтпай коёюн десем, жалаа жапкандыкы чын болот демекчи, ушакчылардын сөзү чындыкка ооп жаткандай. Чымындан пил жасаган инсандарга-өмүрүнүздөр узун болсун демекчимин. Айжан сулуу кыз,модель. Бири-бирибизге жаман ой, сөзүбүз дагы жок!!!! Ооба,инстаграм баракчамдын күчүн эми түшүнүп жатам. 3000 миңден ашуун элдин алдына белгилүү визажистке модель болуп, бет боегу жок видео жана сүрөткө түшкөн кызыбызды мен эле тартып, ошол күнү менин гана телефонумдун камерасы иштесе керек да:))) Мага душман көрсөтүп, биздин кимибиз жакшы-жаман дегидей Кудай болуп кеттиңерби??? 3 000 адамга бул модель кызды сүрөткө тартпагыла деп айтып койбойт белеңер. Визажисттин жумушуна кызыгып чогулган эл Айжанды чынында тааныган да жок. Жада калса чоң сахнада алып баруучунун Айжанга карай мазактаганын билбейсиңерби? Сөздүн баары ошол жерден башталган: боёксуз башка турбайсыңбы, боёктун күчү кандай күчтүү деген сымал сөздөрдү айтканда социалдык тармактагы журналисттер жанымдан туруп күлүшүп, сүрөткө тартып жатканын байкагам. Алар тараткан сүрөттүн автору мен экенмин да? Мага анын эмне кереги бар? 9 жылдан бери сулуулук салонумда кандай гана Эл артистерди боеп сулуулап, чет өлкөнүн жылдыздарын сулуулап келгенбиз. Же мага бул нерсе кызык болуптурбу??? Кайда баратасыздар? Эки адамды бири-бирине душман кылган кайсы улут ушул нерсеге барсын????? Эсиңиздерге келип, үч кыздын апасы болуп, айымдарга бактылуулук каалап, болгон күч аракетимди көргөндөн башка эмне зыяным бар силерге??? Мынча жек көрүүнү кайдан үйрөндүк- эжекелер, апалар, синдилер??? Болгон негатив жазгысы келгендер, бөтөн жерге «Көзү жокто суу куйду» кылбай , ушул жерге болгон оюңузду жазып, чер жазып алыңыздар! Ал эми бул салыштыруу жана ушак көрүнүшкө каршы инсандар-эч нерсе жазбастан гүл сунуп койсонуз жетишет, ыраазымын» . .. - деп пикир калтырган Анжелика Бекболиева.

Маржан Нуракова, NazarNews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->