ООМАТЫҢЫЗ ЭЛ МЕНЕН КӨТӨРҮЛСҮН!

284 0


2017-жылкы Президенттик жарышта
жеңишке жетишкен коомдук-саясий ишмер,
президент Сооронбай Шарипович Жээнбековго

Ыйман турат ыйбаалуу жүзүңүздө,
Токтоолук да өткүрлүк – үнүңүздө.
Изиңизге илээшкен “чөп-чар” да жок,
Сиздей Адам – эл-журттун үмүтүндө.

Көктү айланган Куш конду башыңызга,
Отургузган элиңиз – тактыңызга.
“Элим үчүн кулдай иштейм” дегениңиз,
Элдин үмүт-тилеги – жадыңызда.

Падышалык – Кудайдын буйругунан,
Канча хандар өтүшкөн элин куурган...
Сейрек чыккан Манастай Эл уулдары,
Сезип турган Эл деген Улугунан.

“Элим үчүн кулдай иштейм” дегениңиз,
Элиңизге өзүңүздү – бергениңиз.
Канча хандар Элди өзүнө ийдирем деп,
Карайлашып селде калып кетпедиби...

Ыкыбалыңыз, Эл менен көтөрүлдү,
Милдет тагып, Элди эми көтөрүүнү.
Элдүү пааша – АЛЛАнын назарында,
Ооматыңыз, Эл менен көтөрүлсүн!



Фатима Абдалова – акын,
Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов
атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты

KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->