Өмүрбек Бабановдун расмий билдирүүсү

1796 1


Кыргызстаныбызда жаңы президент ишке киришти. Бийлик өз ыктыяры менен алмашты. Өлкөбүздө туруктуулук сакталды! Элимди дал ушул эң баалуу жетишкендигибиз менен куттуктагым келет!
Аны менен бирге, өзүмдүн атымдан элибиздин үмүт-тилектерин айткым келет.
Сооронбай Шарипович, бүгүн сиз чоң миссияны колуңузга алдыңыз – Алмазбек Шаршенович Атамбаев түптөгөн тынчтык менен туруктуулук жолун улантуу. Элибизди өнүгүү жолуна багыттоо, өлкөбүздөгү демократиялык жана укуктук башаттарды күчтөнтүү эми сиздин колуңузда. Кыргызстаныбыз менен элибиздин биримдиги жана бүтүндүгү – эң бийик баалуулук, андыктан ниеттерибиздин окшош экендигине ишенем жана сизди президенттик кызматка расмий киришүүңүз менен куттуктайм!

Таза, акыйкаттуу, жарандарыбыздын эрки менен тандоосун алга сүрөгөн башкаруучу элибиздин ишенимине, колдоосуна сөзсүз ээ болот. Кыргызстаныбыз мыйзамдын үстөмдүгүн толук орнотуп, олуттуу реформалар аркылуу өнүгүүгө жетишүү менен аймакта гана эмес, дүйнөдөгү үлгүлүү мамлекет болот деп ишенем.


Урматым менен,
Өмүрбек Бабанов


"Республика - Ата Журт"
фракция секретариаты

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера СПДК
СПДК 25.11.2017


С.Ш.Жээнбековтун 25 суроосуна жооп бересин.Алдын ала жагынуу суу кечпейтко.

-->