Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков ант берди

287 0



Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү салтанаты өтүп жатат.

Иш-чарада Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттин төш белгисин, күбөлүгүн жана штандартын Сооронбай Жээнбековго тапшырып, ал ант берди.

- Мен, Жээнбеков Сооронбай Шарипович, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого ант беремин.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 450 киши чакырылган, алар негизинен интеллигенция өкүлдөрү, депутаттар, министрлер, элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болмокчу.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->