АКЫН ФАТИМА АБДАЛОВАНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КЕЧЕСИ БОЛУП ӨТТҮ (Видео)

392 1


22-ноябрь И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде акын Фатима Абдалованын "Жолдо бастым ойлонуп" аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кеченин алкагында акындын калемине таандык поэзиялары жана обондуу ырлары аткарылып, студенттер жана окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жылуу кабыл алынды. Фатима Абдалованын кечеси менен куттуктап эстрада ырчылары Сонунбүбү Кадырова, Таалайбек Тойчиев акынга таандык ырларды аткарып өтүштү. Студенттер тарабынан акындын поэзиялары көркөм окулуп, университеттин жетекчилиги жылуу кептерин айтышты.



Анаркан КАМИЛОВА

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера Аздек
Аздек 23.11.2017


Азамат акын кыз...

-->