$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Жээнбековдун инаугурациясы эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

633 0

Президенттик администрация жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын сценарийин жарыялады. Белгилүү болгондой жаңы шайланган президенттин кызматка киришүү салтанаты ушул аптанын соңунда өтөт. Бул ирет ант берүү аземи жөнөкөй жана ашыкча шаан-шөкөтү жок өтөрү күтүлүүдө.



Жээнбековдун инаугурациясынын сценарийи айтылды

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын даярдоо жана өткөрүү иштерин уюштуруу комитети ант берүү аземине жалпысы 450 киши конок катары чакырыла турганын кабарлады. Салтанат “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Энесай" кабыл алуулар үйүндө жума күнү өтөт.

“Чакырылган коноктордун ичинде Кыргыз Республикасынын баатырлары, коомчулуктун өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Уюштуруу комитетинин жыйынында инаугурация өткөрүүгө кетчү чыгымдын сметасы 8 млн 404 миң 248 сом өлчөмүндө бекитилди. Жыйында уюштуруу боюнча негизги маселелер талкууланды жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди”, - деди Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева.


Инаугурациянын сценарийи

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү ант берүү аземи бул ирет жөнөкөй жана ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүүнү пландап жатканын айтты. Сценарийге ылайык, иш-чара саат ондо башталып, жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан элине ант берүүсү, ага Мамлекет башчысынын күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшыруу менен уланат.

Мурдагыдай чет өлкөлөрдөн расмий коноктор чакырылбай турганы белгилүү болду. Албетте, буга чейин чыгымдар көп экен деген сындар сыяктуу эле, чоң саясый окуя болуп жатса эмнеге башка өлкөлөрдөн расмийлери чакырылбайт деп сын айткандар да жок эмес.

“Жаңы шайланган президенттин ишке киришин мүмкүн болушунча салтанаттуу, коомчулуктун катмарларын тартып, биз менен кызматташ мамлекеттердин жетекчилеринин катышуусу менен өткөрүү туура болмок. Булар 450 киши менен өткөрөбүз деп жарыялашыптыр. Эмне үчүн мындай чоң иш-чараны кысып, маанисин төмөндөтүп өткөрүп жатышат түшүнгөн жокмун. Бирок ичимде аз киши катышса да, бул инаугурация биздин тарыхта кала турган, бийликти кабыл алуу наркын бекемдей турган деңгээлде өтөт деген ишеним бар”, - деди Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев.


Инаугурациядагы коопсуздук маселеси

Бул күнү коомдук тартипти көзөмөлдөө дагы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй облусу жана Бишкек шаарларынын аймагында атайын профилактикалык операциялар бир айдан бери өтүп жатат.

“Салтанаттуу аземди өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иштеринин эсеби түзүлүп, азем күнү эки миңдей милиция кызматкери тартылмай болду. Ошондой эле Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга милдеттендирилет”, - деди Би-Би-Сиге Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башкы тескөөчүсү Эрнис Осмонбаев.


Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого КСДП талапкери катары чыгып, 50 пайыздан ашуун добуш менен утуп чыккан.

Кыргызстандын эгемен тарыхында эки президент элдик толкундоолор арты менен бийликтен сүрүлүп, өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон. Ошондуктан чөлкөмдөгү өлкөрдүн ичинен тынч жол менен бийлик алмашкан мындай сейрек учур албетте дүйнө коомчулугунун назарына илиниши турган кеп.

Мөөнөтү аяктап жаткан президент Алмазбек Атамбаев болсо 2011-жылы шайланып, бийликти өткөөл учурдун президенти катары бир жыл иштеген Роза Отунбаевдан өткөрүп алган эле.

Булак: bbc.com

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->