Ынтымактуу үй-бүлөлөрдө сүйүү болбойт, - окумуштуулар

794 0



Ынтымактуу жашаган үй-бүлөлөрдө эки тараптуу сүйүү болбойт, жубайлардын бирөө гана жакшы көрөт. Мындай пикирди психиатр жана психотерапевт Александр Вайнер билдиргенин «Сегодня» басылмасы жазды.

Адистин айтымында, жубайлардын мамилесинде эки тараптуу сезимдин жок болгондугун 3 көрсөткүч аныктайт. Муну бир айдын ичинде аныктаса болот. Мисалы, жубайлардын биринин иш-аракети оң таасирге караганда көбүрөөк терс эмоцияны жаратат. Эгер жуптардын бири өзүнүн планына жана каалоосуна жараша иш жасаса, анда экинчиси эч качан бактылуу болбойт. Ошондой эле, ал өнөктөштөрдүн бири экинчисин кучактабаса, аны карабаса, жакындабаса мамиледе берилүүнүн жок болгонун айтса болорун белгиледи.

А.Вайнердин билдиргенине караганда, эки жуп тең бирдей бири-бирин жакшы көрүүсү мүмкүн эмес.

«Үч вариант бар. Биринчиси — мени сүйөт. Экинчиси — мен сүйөм. Үчүнчүсү — өнөктөштүк, бул мезгилде сүйүү болбойт, бирок сыйлоо, колдоо, жакшы мамиле, жыныстык байланыш сыяктуу көптөгөн учурлар бар. Дал ушундай нике бекем болот», - деди ал.



Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->