$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

Өзбекстанда кыздардын кыздык белгиси массалык түрдө текшерилип жатат

839 0



Өзбекстандын Самарканд облусунда орто мектептердеги жогорку класстардагы окуучу кыздар жана колледждердин студенттери массалык түрдө гинекологго текшерүүгө жөнөтүлүп жатат. Облустук администрациянын кызматкеринин жашыруун шартта берген маалыматына караганда, аталган иш-чара жыныстык жашоону эрте баштаган жаш кыздарды аныктоо максатында жүргүзүлүп жатат, деп жазды centralasian.org басылмасы.

Самарканд облусунун администрациясынын жетекчисинин айтымында, жаш кыздардын өз өмүрүнө кол салуусун алдын алуу максатында окуучу кыздар дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп жатат. Ал белгилегендей, айрым кыздар кыздык белгисин жоготуп же кош бойлуу болуп калган учурда уят болбоо үчүн өз өмүрлөрүн кыюуну чечишет. Гинеколог текшергенден кийин жыныстык жашоону эрте баштаган кыздардын ата-энеси менен мугалимдер, дарыгерлер жана психологдор сүйлөшөт.

Самарканд облусунун администрациясынын кызматкеринин айтымында, аталган иш-чаранын жүрүшүндө ондогон кош бойлуу кыздар аныкталды. «Текшерүүнүн жыйынтыгын мугалимдер жана дарыгерлер ал кыздардын ата-энелерине гана айтышты», - деди ал.

Бирок окуучу кыздар менен студенттер иш-чаранын мажбурланган мүнөзүнө даттанууда. Студенттердин бири дарыгердин көзөмөлүнөн кийин башка студент кыздын кош бойлуу экенин коллежде окугандардын бардыгы билип калганын айтты. Ал эми, администрациянын жетекчиси жаш кыздарды массалык түрдө гинекологго жиберүү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жакында Самаркандда сүйлөгөн сөзүнөн кийин башталганын кошумчалады.

Буга чейин 9-ноябрда өлкө башчысы Самарканд облусунун эл өкүлдөрү кеңешинин сессиясында сүйлөп жатып, аталган облуста аялдар жана кыздардын өз өмүрүнө кол салуусу көбөйгөнүн айткан. Анын айтымында, акыркы мезгилдерде Самаркандда 145 аял жана кыз өз өмүрүнө кол салган.

Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->