Москвада 18 жашар Кыргыз жаранын бычактап кетишти

728 0



Москвада 18 жаштагы кыргыз баланы бычактап кетишкенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Бул боюнча Кыргыздын Орусиядагы элчилиги төмөнкүдөй маалымат берди.

"Окуя 20-ноябрда Москванын түштүк-батыш округундагы Азовский көчөсүндө орун алган. Жабыркаган жаран ыкчам ооруканага жеткирилген. Орусиянын Ички иштер министрлигинин Зюзино райондук бөлүмүнө бул тууралуу кайрылуу жөнөтүп, иликтөөгө алуулары суралган. Кененирээк маалыматты тийиштүү жактар топтогон соң кабарлайбыз", - деп билдирет элчиликтен.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->