$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Дүйнөнүн сулуусу аныкталды. Таажынын ээси — индиялык Мануши Чхиллар

598 0

Бир айга созулган сынактын жыйынтыгы менен «Дүйнө сулуусу 2017» наамын Индиянын сулуусу Мануши Чхиллар жеңип алды. Эл аралык сынак Кытайдын Санья шаарында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр белгилүү болду.

Бул жылы сулуулуктун ханышасы болгон 20 жаштагы Мануши Чхиллар учурда кардиохирург дарыгери болуу үчүн жогорку билим алып жатат. Ал келечекте Индиянын шаарларындагы чет жактарда медициналык клиникаларды ачууну кыялданат.
Дүйнө сулуусуна таажыны «Дүйнө сулуусу 2016» наамынын ээси болгон пуэрто-риколук Стефани Дель Валле такты.



Ал эми, сынактын Twitter баракчасындагы расмий маалыматта 2-3-орундарга Андреа Мезе (Мексика) менен британиялык Стефани Хилл татыктуу болгону айтылат.



Эл аралык сынакка бул жылы Кыргызстандын атынан катыша турган Бегимай Карыбекова барган жок.

Ал сынак башталгандан кийин социалдык түйүндөгү баракчасына: «Көпчүлүк мени менен кошо тынчсызданып жатышты. Мага да виза алып, сынакка катышамбы деген суроо абдан кызык болду. Тилекке каршы биз жооп күтүп жатканда «Дүйнө сулуусу» сынагы башталып калды. Дайыма мени менен кошо тынчсызданып жана мени колдогон адамдарга, ошондой эле өлкөнүн төртүнчү бийлиги болгон жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирем. Кайгырып жатам, бирок бул абал мага күчтүү болууга түрткү берет», - деп жазган.


Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->