$ 68.16 - 68.33
€ 78.60 - 79.45

Аксыда 3-класста окуган кызды тайежеси балта менен башка чаап, жаракатын кийим тигүүчү ийне-жип менен тигип койгон

3474 2



Жакында Аксы районунун Күлүк-Дөбө айылында каргашалуу окуя катталды. Айыл тургундарынын берген маалыматында 3-класстагы кызды тайежеси балта менен башка чаап андан соң жаракат алган жерин ийне жип менен тигип койгон.

Маалыматтарга караганда, аталган айылдын тургуну 3-класста окуган кызын жана дагы бир баласын эжесине калтырып, Орусияга иштегени кеткен.

Айылдагы мектеп окуучуларынын айтымында, каза болгон кыз буга чейин да мектепке көк ала болуп барганы айтылат.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, тайежеси кызга зомбулук көрсөтүп жүргөн. Балта менен ургандан кийин, ооруканага алып баргандын ордуна үйдө өз алдынча кийим тигүүчү жип жана ийненин жардамында кыздын башын тигип, эч кимге айтпастан үйдө сактаган. Окуя болгондон 3 күн өткөндөн кийин кыздын абалы оор болуп, ооруканада көз жумган.

Ал эми Орусиядан келген балдардын энеси, эжесин сотко берүүдөн баш тарткандыгы айтылат.

Тургундардын айтымында, тайежеси наркотикалык зат колдонгон болушу мүмкүн. Ал эми маалыматты жашыруу үчүн айыл тургундарына бактан кулап түштү деген маалыматтар тараган.

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганыбызда окуя тууралуу кабары жок экенин билдиришти.

3-класстагы кызды кордук менен өлтүргөн тайеже жазасын алабы же жокпу азырынча белгисиз.

Каза болгон кыз кечээ, 16-ноябрь күнү жерге берилген.

Булак: NazarNews.kg

Комментарии пользователей (2)

Ваш аватар
  



Фото юзера Зура
Зура 18.11.2017


Хорошо, тетя этой девочки такая мерзавка. Куда школа глядела, соцпедагог? Им нужно было бить тревогу. Администрацию школы, соц.педагога и классного руководителя тоже нужно привлечь к уголовной ответственности за халатное отношение. Они тоже, не обращая внимания на состояние ребенка, причастны к её смерти.
Фото юзера Бек
Бек 19.11.2017


Бул жерде мамилекет да куноолу ЭГЕР КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДА ИШ орундар БОЛУП БААРЫ ЭЛЕ ОЗ УЙУНДО ЖАШАП ЭМГЕКТЕНСЕ балдарын карап УШУНДАЙ ОКУЯ БОЛМОК ЭМЕС . Ушул кундордо НЕГИЗИ БУГА ЧЕИНДА МОСКВАДА КЫРГЫЗСТАНДА КАНЧАЛАГАН АДАМДАР ЖАШТАР КАЗА БОЛТАТ , БИЙЛИКТЕГИЛЕР КАРАП ЖАМАН БОЛУПТУР ДЕП ОТУРУШАТ, БИЛГИЛЕ БУЛ ЖЕРДЕ СИЛЕРДИН ДА УШУЛ ОКУЯГА бираз болсода байланышынар бар ИШ ОРУН АДАМДАРГА ЖАШООСУНА ЖЕНИЛДИК БЕРБЕЙ ЭЧ НЕРСЕНИ ОЙЛОБОЙ ЖУРОСУНОР озунорду ойлоп ....

-->