$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

КСДПнын депутаты 6 айдан бери жыйынга келген жок

628 0



Талас шаардык кеңеши КСДП партиясынан депутат болуп шайланган Самидин Жоробековдун дайынын биле албай жатат. Алты айдан бери ал кеңештин ишине бир да жолу катышпаганын "Азаттык" радиосу жергиликтүү кеңештин депутаттарына таянуу менен жазды.

Маалыматка таянсак, Жоробеков акыркы жолу 10-майдагы кезексиз чакырылган жетинчи сессияга катышкан. "Телефон аркылуу байланыша албай жатабыз, ал Кыргызстанда эмес болушу ыктымал" деп айткан "Азаттыкка" кеңештин төрагасы.
Негизинен ишкерлик менен алектенген Жоробеков 41 жашта. Ал шаардык кеңешке биринчи жолу депутат болуп шайланган.
Облустук милициянын жетекчи орун басары Алмаз Жумабековдун “Азаттык” радиосуна айтымында, жарым жылдан бери дайыны жок болуп жаткан депутат тууралуу туугандарынан арыз же башка маалымат түшкөн эмес.


Булак: bulak.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->