$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

Чоң Чүй каналына кулап кеткен унаанын айдоочусу 6 жаштагы баласы менен каза болду

566 0



Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналына «Пежо» үлгүсүндөгү унаа кулап, айдоочу баласы менен каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 7-ноябрда саат 21:00 чамасында катталган. ГЭС-5 жана Жер-Казар айылдарынын ортосунда Чоң Чүй каналына «Пежо» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру Е 60-20 S) унаа түшүп кеткен. ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары жана ӨКМдин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин айдоочунун жубайы — 1977-жылы туулган Т.Р. жана 1999-жылы туулган уулу Т.И., ошондой эле 2012-жылы туулган кызы Т.А. унаадан өздөрү чыгып кетишкен. Алар жаракат алган эмес.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу — 1975-жылы туулган Т.Т. жана 2011-жылы туулган уулу Т.Н. окуя болгон жерде каза болгон. Куткаруучулар унааны суудан чыгарып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->