$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Жогорку Кеңештин Төрагасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу



Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктады. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Төраганын куттукто тексти:
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!
Азыркы ыкчам дүйнөдө жашоо-турмушубузду маалыматсыз элестетүү кыйын. Андыктан, журналисттердин коом үчүн кылган эмгеги өтө баалуу. Ары татаал, ары кооптуу ишиңиздердин арты менен Кыргызстандын алыскы айылдарындагы жарандарыбыз да өлкөдөгү бардык окуялар тууралуу кабардар болуп келет. Сиздердин мойнуңуздарда жарандарды бейтарап жана калыс маалымат менен камсыздоо жоопкерчилиги турат. Анткени, журналисттер эл менен бийликтин ортосундагы байланышты түзүп, коомдук пикирди жаратат.
Парламенттик демократиялык башкаруу түзүмүн тандап алган Кыргызстан ушул жолдо ийгиликтерди жаратуу үчүн ишенимдүү кадам шилтеп келет. Бирок, демократиялык багытта өнүгүү үчүн сөз эркиндиги өтө зарыл. Ал эми Кыргызстан бул жаатта аймактагы өлкөлөр арасында алдыңкы орунду ээлегендиги менен сыймыктанабыз. Биз бул баалуулугубуз адам өмүрүн алган татаал эмгек менен келгенин эске алуу аркылуу аны сактоого ар дайым аракет кылышыбыз керек.
Кымбаттуу журналисттер!
Биздин тарыхыбыз калем ээлеринин жана өз кесибин сүйгөндөрдүн эрдигине бай. Айрыкча, ата-мекендик журналистикабызда жоопкерчилигин түшүнгөн жана жогорку моралдык принциптерге ээлик кылган адамдардын арбын экендиги кубандырат. Келгиле, бул салтты сактайлы. Себеби, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү биринчи кезекте чындыктын жарчысы. Ал эми Жогорку Кеңеш бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы катары сиздер менен тыгыз кызматташып, ачык-айкын мамлекеттик орган болуп кала берет.
Дагы бир жолу Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, бекем ден-соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->