$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова: “Бул кылыгым үчүн кээде балдарымдан уялам”

2024 0



80 жашында спектаклде роль ойноп, бир театрды башкарып, ал тургай чет өлкөдө өткөн фестивалга барып сыйлык алып келүү ар бир эле артисттин колунан келе бербейт болушу керек. Өмүрүн театрга арнаган белгилүү актриса бизге Лондон шаарына барганы, азыркы турмушу, жаштык кези тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

– Жамал эже, саламатсызбы, Лондонго болгон сапарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?


– Ушул жашка келгени көптөгөн чет мамлекеттерге чыккам, бирок бүгүнкүдөй толкунданган эмес элем. Лондон бул кылымдарды карыткан, маданияты эң бийик өлкө. Ушул жашымда ошол жакка барып сыйлык алып калам деп эч ойлогон эмесмин. Даярдап барган Султан Раевдин “Илегилек” спектаклибиз аларга аябай жакты. Илегилек кушу тууралуу япон элинде легенда бар экен. Алар муну “бакыттын кушу” деп аташат. Ким эрте жазда бул кушту көрсө, бактылуу болот деп ишенишет. Спектаклде ошол бактысын америкалык жигиттен тапкан небере менен инсульт алып баса албай арабада отурган 90 жаштагы майып кемпирдин ортосундагы байланыш, маселелер чагылдырылган. Көрсө, карылар менен жаштардын ортосундагы түшүнбөстүк - бул бүткүл дүйнөлүк маселе экен да. Себеби бизге тиешелүү спектаклди алар кандай кабыл алышат деп коркуп жаттым эле. Жок, залда эл тыптынч, ыйлап отуруп көрүштү. Спектакль кыргыз тилинде болгону менен кадимкидей түшүнүп көрүп отурушту. 4-октябрда башталган “Ачык Борбор Азия" аттуу II эл аралык искусство фестивалы 14-октябрда аяктады. Фестивалдын жабылышында мени биринчи чыгарып “Дүйнөлүк театралдык искусствого кошкон чоң салымы үчүн” деген сыйлык, алтын статуэтка беришти. Андан сырткары “Алтын жоогазын” сыйлыгына ээ болдук. Мага абдан жагымдуу болду, мындай сыйлык алам деп ойлогон жок элем.

– Сыйлыгыңыз кут болсун, жол жүрүүдө сиз эмес, жаштар да кыйналат эмеспи. Бул жагы сизге ыңгайсыздык жаратпадыбы?

– 18 саат жол жүрүүдө баары эле кыйналат болуш керек. Анын үстүнө биз Түркия аркылуу эки самолёт которуп бардык. Буту-колум анча-мынча талып калганын эске албаганда кыйналган деле жокмун. Кыйналам деп деле ойлобоптурмун, оюмдун баары “кантип кабыл алышат бизди, ролду кандай ойнойм?” деп бара жаттым. Автор Султан Раев баш болуп жалпы 7 киши бардык. Бизди аябай жакшы кабыл алышты. Атайын бизди ташыганга машине бөлүп беришти, котормочу жалдап беришти. Андан сырткары ал жакта биздин өкүлчүлүк бар экен, элчибиз да мыкты инсан экен. Фестивалдын ачылышында да, жабылышында да өзү келип турду. Ал да машинесин берди, эки машине болуп шаар кыдырдык. Би-Би-Сиде иштеген Гүлнара Касмамбетова барып өзүнүн ишканасы менен тааныштырды. Ал жер өзүнчө эле мамлекет экен, миллион киши эмгектенет тура.

– Карылыкка моюн сунбай күүлүү-күчтүү жүрөсүз, узак жашоонун сыры эмнеде?

– Узак жашоонун сыры эмгек менен кыймылда дейт элем. Анан да ар дайым жакшы ойлор менен жашаш керек. Тетири ойлонгон, бирөөгө жакшылык каалабаган ичи тар киши оңбойт. Эмгек деген бул өмүр экен, киного түшөм, “Туңгуч” театрын түптөйм, айтор, иштин артынан жүрүп, ушул жашка келгенимди билбей деле калыптырмын. Айтсам ишенбейсиңер мен пенсияга чыкканымды да 2 жыл кеч билгенмин. Манастын 1000 жылдыгында Таласта жүрсөм кыздар: “Эже, пенсия алып жатасызбы?” – дейт. “Жок, пенсияга чыктым беле?” – десем, “ооба, бир жылдан ашып калды”, - дешти. Анан документтеримди тапшырып, 2 жыл өтүп кеткенден кийин пенсия алып баштагам. Азыр деле менин өмүрүм театрда өтүп жатат, эртең менен келем кечинде кетем. Ишемби, жекшемби эс алуу күндөрү неберелерим менен ойноп эс алам десем деле болбой кайра жумушка келип алган учурларым кездешет. Бул кылыгым үчүн кээде балдарымдан уялам.

– Эмгегиңизди, жаштыгыңызды театрга арнадыңыз, эми балдарыңыздын төрүндө эс алып отурбайсызбы?

– Эки күн эс алсам жинди болуп кете жаздайм. Балдарым 10 күнгө чалым менен курортко жиберсе, араң чыдайм ишим калды деп. Анда чалымды таштап өзүм келе берген учурларым кездешет. Жолдошум экөөбүз Беш-Күнгөйдө жер тамда турабыз. Эми гана бир аз жумушка барып келгенде кыйнала баштадым. Шаардан жумушка жакын жерден батир алып жатабыз, буюрса, эми жумушка жөө барып келип турам. Жолдошум китеп окуганды абдан жакшы көрөт. Эс алуу күндөрү ал китеп окуйт, мен үй жыйнап, кир жууп, чалыма даамдуу тамактарды даярдайм. Үй оокаттарын жасап кыймылдасаң денеңде кан жүгүрүп башың иштейт. Кыймылдабай отура берсең ошол боюнча токтоп каласың.

– Уулуңуз менен келиниңиз да театрда иштеп бутуңузга бут, колунузга кол болуп жатса керек?

– Жаш кезде киного тартылам деп ысык-суукта жүрүп суук тийгизип алган окшойм. 23 жашымда турмушка чыгып, 30 жаштан өткөнчө балалуу боло албай жүрдүм. Кудайга шүгүр, кеч болсо да Жараткан мага бир уул, бир кыз берди. Уулумдун эки уул жана эки кызы, кызымдын эки кызы болуп, бардыгы 6 неберем бар. Балам кичине чагынан колуна камера кармап чоңойгон, оператор болуп иштейт. Келиним Асель Чоткараева актриса, менин студиямды аяктаган. Андан кийин Эрнест Абдыжапаровдун кино режиссёрлук курсун окуп бүттү. Балам менен келиним биригип “Сезим” деген кино тартышты. Ал Кореяда өткөн фестивалда гран-прини жеңип келди. Эми ошону улантабыз деп рак болуп ооруган кыз тууралуу кино тартып, монтаждап жатышат. Жакында эле Айжан Акылбекова менен Москвага барып “Элечегим - сыймыгым” флешмобун тартып келишти. Биздин театрдагы ар бир спектаклдерди камерага, сүрөткө түшүрүшүп келечекке кала турган материал жыйнап жатышат. Ал эми кызым деле 40 жашка таяп калды, Москвада жашачу чакырып алгам. Учурда Жогорку сотто эмгектенет.

– Балаңыздын биринчи жубайынан да неберелериңиз болсо керек эле?

– Амир, Арууке деген эки неберем бар. Алар биз менен деле, апасы менен деле жашай беришет. Неберелеримдин бардык милдети менин жана уулумдун моюнунда. Келиним да абдан тың, Оштун кызы да. Биздин театрдын алдында балдарга арналган куурчак театрын тыкылдатып иштетип жатат. Жакшы жигитке турмушка чыгып алды. Неберелимди өз баласындай караган акылдуу жигит экен. Кечээ ошол келинимдин үйүнө барып жатып келдим. Кудайга шүгүр, келиндерден жолдуу болдум. Театрда эки келинимди, уулумду иштетем. Кызыма эле күчүм жетпеди. Бактылуумун, неберелерим энелеп турушат. Ага карабай эртең менен эрте туруп жумушка кетип калам. Бул кемчилигим жаш кезде да бар болчу, балдарымды таштап кетип калчумун.

– Жаш кез демекчи, жаштыгыңызда кандай кыз элеңиз эстеп бербейсизби?

– Менин атам 5 аял алып бала көрбөй, алтынчы аялынан мен төрөлгөн экенмин. Ошондуктан мени аябай эрке өстүрүштү. 12 жашка чыкканча эркекче кийинип, көчөгө чыгып кишилерди сөкчү экенмин. Кызга тиешелүү эч нерсе жасаганды билчү эмесмин. Бирок мектепке барганда аябай жакшы окуп, ырдап да жүрдүм. 5-классты бүткөндөн кийин мыкты билим алсын деп Ысык-Көлдүн Темир айылынан Бишкекке алып келишкен. Мектепти аяктаган соң жакшы окугандарды Москвага алып кетишчү. Ошентип Москвада инженер-технологдун окуусуна 6 ай окудум. Жатаканадагы кыздар менен театрга барчубуз. Ал жактан көрүп келгенимди бөлмөдөгү кыздарга туурап берсем таң калышчу. Анан алар бир күнү: “Сен Фрунзеңе театрга кет, сен тубаса артист экенсиң”,- дешти. Ошондо мен атама: "Ооруп жатам, акча салыңыз", - деп кат жаздым. Атам коркуп кетип дароо акча салган экен, мен айылга да барбай Бишкекке келип түз эле Даркүл Күйүкова эженикине бардым. Кыргыз драма театрында мени ырдатып, бийлетип көрүп дароо жумушка алышты. Анан атамды чакыртып эптеп аны көндүрүштү. Айылдагылар: “Сейдакматтын кызы жакшы окуйт профессор болот”, - дешчү да. Атам да: “Сенден үмүтүм чоң эле, кызым”, - деп кыйылып жатып артист болушума араң макул болгон. Анан “Алыскы тоолор” деген тасмага тартылуу үчүн 700 кыздын арасынан мен өтүп кеттим. Ошондон кийин Москвага декадага барып калдык. Кызыл аянтта кетип баратсак чон баннерде топоз жетелеген, чачы өрүлгөн кыз турат. Көрүп: “Мобу менмин го”, - деп ийиптирмин. Көрсө, кинодогу ролумдан чыгарып коюшуптур. Менин кинодогу тушоом ушинтип кесилген.

– Маегиңизге рахмат, дагы көп жашап ийгиликтерди жарата бериңиз!

Булак: lady.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->