$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Садык Шер-Нияз Анжелина Жолини Көчмөндөр оюнуна чакырды.

726 0

Азия кинофестивалына Анжелина Жолинин продюсер катары тарткан тасмасы да катышып жатат



Кинорежиссер жана Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделип быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан Аsian World Film Festival (AWFF) кинофестивалына Голливуд жылдызы Анжелина Жоли келип катышты. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Шер-Нияз тастыктады.

Анын айтымында, фестиваль Лос-Анжелесте болгондуктан белгилүү инсандар көп эле келип жатат. Фестивалды көрүү үчүн Оскардын академиктери отурат. Кечки сеанстарга билет калбай калууда.

"Анжелина Жолинин Камбоджадан продюсер катары тарткан тасмасы биздин фестивалга катышып жатат. Мындан улам биз жана Азиядан келген режиссерлор менен таанышканы келиптир. Жарым сааттай баарлашып турдук. Аны кийинки жылы өтчү Көчмөндөр оюндарына, Кыргызстанга чакырдым. Анжелина Жоли ойлонуп көрө турганын айтты", — деди режиссер.


AWFF кинофестивалынын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланышты чыңдоо. Иш-чарага Азиянын 50 мамлекетинен барган мыкты тасмалар катышат. Ошондой эле фестивалга катышкан фильмдерге "Оскар" сыйлыгына көрсөтүүлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аталган фестиваль 25-октябрда башталып, 2-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында кыргызстандык режиссерлор Актан Арым Кубаттын "Кентавр", Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай", Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмалары көрсөтүлөт.



Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->