$ 69.61 - 69.76
€ 79.16 - 79.72

Мадумаров: "Элге пайдам тийчү болсо ким менен болсо да кызматташууга даярмын"

732 2



Бүгүн, 19-октябрда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрдү. Ага "Сооронбай Жээнбековдун командасында иштөөгө сунуш түшсө кызматташууга барат белеңиз" деген суроо берилип, минтип жооп берди.

"Мен эч качан бирөөгө эмес, мамлекетке гана кызмат кылгам. Акаевдин же Бакиевдин тушунда иштеди деп жүрүшөт. Кеп кимдин тушунда иштегенде эмес, ошол кезде эмне жумуш кылганыӊда. Эгерде менин кайсы бир жерде элге-журтка пайдам тие турган болсо, мага жетекчи ким болору маанилүү эмес. Менин элге кымындай пайдам тие турган болсо ошол пайдамды тийгизишим керек. Өмүр өтүп жатат. Бирок биздин көз карашыбыз туура келбесе мен ал кызматта секунд да отурбайм".


Журналисттердин "идеялык жактан ойлор туура келсе, демек, сиз кызматташууга даяр экенсиз да?" - деген суроосуна Мадумаров: "Идеялык жактан ойлор туура келбейт. Анткени биз табиятыбыздан көз караштарыбыз эки башка адамдарбыз", - деп жооп берди.


Булак: super.kg

Комментарии пользователей (2)

Ваш аватар
  



Фото юзера Райымбек Усупжанов


Мен Сиздин сүйлөгөн сөздөрүңүз менен жасаган иштериңизди салыштырып олтуруп төмөнкүдөй ойго келдим. Сиздин элге пайдаңыз эмес, зыяныңыз тийбесе экен!
Фото юзера самаркуль
самаркуль 22.10.2017


колунуздан кеген ишти жасап жардам и пайда тийгизе бербейсизби ким аны жасаба деп жатат? Бабанов 6 жылда КР онуккон 10 олкого кошом дейт, жолдорун билсе президент болбой эле жасап койбойбу? ошондо эл аны оздору эле президент кылып шайлап алышмак, адегенде айтканынарды иш менен далилдебейсинерби , антепенер эч ким ишенбейт айтылган создорго и убадаларга, туурабы! Сиз Бабановдун ушул созуно ишендинизби?

-->