$ 69.61 - 69.76
€ 79.16 - 79.72

Сапар Исаков бүгүн Астанага барат



Эки мамлекеттин өкмөт башчылары телефон аркылуу баарлашкан

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн жумушчу сапары менен Астанага барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эки мамлекеттин өкмөт башчылары 17-октябрда телефон менен сүйлөшкөн.

Эске салсак, 10-октябрда, кечинде кыргыз-казак чек арасындагы үч көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөн адамдардын жана унаалардын саны өсүп, жөнөкөй элди бушайманга салган. Бир күн өткөн соң Казакстандын улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдаган.

Булак:sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->