$ 69.61 - 69.76
€ 79.16 - 79.72

Бабанов криминалды жеңүү үчүн талапкерлер Кочкоров менен Масадыковду өзүнүн командасына чакыра турганын айтты

1248 0



Өмүрбек Бабанов президент болуп калса криминалды жеңүү үчүн Улукбек Кочкоров менен Таалатбек Масадыковду өзүнүн командасына чакырат. Бул тууралуу ал кечээ, 11-октябрда КТРК телеканалындагы талапкерлердин теледебатында айтты.

"Эгер мен шайлоодон утуп чыксам Улукбек Кочкоров жана Таалатбек Масадыковго чогуу криминал менен күрөшүүдө бир команда түзүүнү сунуштайм", - деди Бабанов.

Ошондой эле ал учурда эл деле кылмыш дүйнөсүнүн адамдары кайсы талапкерге жардам берип чуркап жүрүшкөнүн, алар кантип коркутуп иш алып барып, эмнелерди жетектеп жатышканын билерин кошумчалады.

Андан сырткары теледебатка катышып жаткан талапкер Улукбек Кочкоров да президенттик кызматка талапкерлердин биринин штабын мурда эки жолу соттолгон кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адам жетектеп жатканын билдирди.

Айта кетсек, кечээки теледебатка Бабанов менен Кочкоровдон тышкары Таалатбек Масадыков, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев катышкан.


Булак: Супер

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->