$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Анжелика, ырчы: "Ажырашамбы, жарашамбы же көзүм шишип сүрөткө түшөмбү- ал менин маселем"



Эмгекти сүйүп, эли үчүн кызмат кылганды жактырган ырчы айым Анжелика тууралуу акыркы учурда көптөгөн терс пикирдеги кабарлар орун алганы баарыбызга маалым. Мына ушул маалыматтардын аягына чекит коюу үчүн ырчы айым жеке баракчасына төмөндөгүдөй: «Жашоо- бул кадимки эле аба-ырайы сымал, бирде күндөй жылмайса, бирде бүркөлүп, күркүрөп коркутат. Билем, менин жеке жашоом ар бириңиздерди аябай кызыктырып, кээде кээ бирлендин тынч уйкусун алып, ойлондуруп жаткан мезгили. Таң аткандан күн батканга чейин тыпырчылап чуркап жүрүпп өзүм тууралуу ушактардан да калып калыптырмын. Урматтын инстаграмда баракчасы бар эле.

Ар бир сүрөтүнө негатив жазып, тынчый албаган инсандар Урмат баракчасын жапса да, ушинтип фейк баракчаларды ачып, колдонуучуларды топтоп, баракчаны сатып бизнес кылып тим болбостон, баракчанын ээси катары жеке маалыматтарды жазып, т аратууда. Дагы бир жолу айтаарым, ЖЕКЕ ТУРМУШУМА БАЙЛАНЫШТУУ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРБЕЙМ жана өзүм туура көргөн сүрөт, маалыматтар менен бөлүшөм.

Үч кызымдын тарбиясы, окуулары, өзүмдүн жана Айыманын чыгармачылыгы менен иштеп, „Бактылуу Айым“ проектисинин каармандары, „Фешн Хаус“ бутигим, „Айым Стайл“ сулуулук салонум, мода үйүм, окутуу борболорум менен жана көптөгөн кайрымдуулук иштер менен алекмин. Ажырашамбы, жарашамбы же көзүм шишип сүрөткө түшөмбү- ал менин маселем. Башыңыздарды оорутпаңыздар, суранам. Сиздерге камсанап жатам! Урматым менен Анжелика!»- деген оюн билдирди.

БУЛАК NazarNews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->