Зардалыга айыл макамын берүүгө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

110 0

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев аталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Мыйзам долбоору жергиликтүү элдин ыңгайлуу жашоосуна, алардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган. Долбоорго ылайык, Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы, Дөбө, Бай Кара-Бак калктуу конуштарын айыл категорясына киргизүү сунушталган.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->