Стамбулдагы терактка байланыштуу “Манас” аэропорту коопсуздук иш-чараларын күчөттү

465 0

Эл аралык “Манас” аэропорту Стамбулдагы терактка байланыштуу коопсуздук иш-чараларын күчөттү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Стамбулдагы терактка байланыштуу “Манас” аэропорту коопсуздук иш-чараларын күчөттү

“28-июнда Стамбул шаарындагы эл аралык “Ататүрк” аэропортунда болгон теракттан кийин “Манас” аэропортунда коопсуздук иш-чаралары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Аба транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык ички иштер органдарынын өкүлдөрү тартылып, иш алып барууда”,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда “Манас” эл аралык аэропортунда Стамбул каттамы менен 135 жүргүнчүдөн турган 345-рейс учуп кетти. Бир аз мурдараак Стамбулдагы террактка байланыштуу эки каттамдын (344 жана 348) учуусу белгилүү себептер менен башка мөөнөткө жылдырылды.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->