$ 68.84 - 69.04
€ 76.32 - 77.25

Максат Чакиев алты жылга эркинен ажыратылды

359 0

Жогорку Соттун расмий сайтында жарыялангандай, кечээ, 12-январь күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туриз мминистрлигине караштуу туризм департаментинин мурдагы директору Максат Чакиевди алты жылга күчөтүлгөн режимге кести.

Максат Чакиевге карата соттун биринчи инстанциясы КРнын Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси менен 2 жолу 3 жылдан жана 314-беренесинин (Пара берүү) 2-бөлүгү менен 5 жылга айыпталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде 6 жылга эркинен ажыратылды.

Максат Чакиевдин бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды. Өкүмгө он сутка мөөнөт ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанууга жана сунуш киргизүүгө болот.

Эскерте кетсек, Максат Чакиев өткөн жылы милиция кызматкерине ири өлчөмдө пара бергени үчүн кармалган. Андан тышкары Башкы прокуратура Чакиевге карата пара берүүдөн тышкары, «Кызматтык абалынан ашыкча пайдалануу» жана «Кызматтык абалынан пайдаланып жасалма документ жасоо» беренелери боюнча дагы кылмыш ишин козгогон болчу.

Булак:Каганат

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->