$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Москвада кыргыз желегин желбиретип жаштарды спортко тарбиялаган "БОСТОН" спорт клубу...

1655 4




Чет жерде эмгектенип өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан
эр-азаматтарыбыздын бири Эмилбек Акунов.
Эмилбек мырза 2015 жылы Москва шаарында «Бостон» спорт клубун ачып, мекендештерибиздин башын бириктирип Кыргызстандын желеги алдында жаш спортчуларды мелдештерге даярдап, машыктырып келет.


Эмилбек Акунов;
-Ачылышын 2015 жылы, 15 августта өткөргөм. Биз азыр залда эрежесиз эр уруш, самбо жана грэпплинг күрөшү менен машыгабыз. Ушул күнгө чейин эч кандай жардамы жок аракет кылып келе жатабыз. Москвада зал ачканда көп кыйынчылыктар болду. Мисалы, ижарага акча таба албай, окуучуларымды мелдештерге алып бара албай, көп спортсмендеримдин акчасы жетишпегендиктен алардын жол кире, тамак ашына каражат берип колуман келишинче жардам берип, аракет кылып машыгып жүрдүк.
Жаштарга кааларым, биринчиден ата-энесин, бир туугандарын сыйлап, ичимдик- чегимдиктен алыс болуп, спорт менен машыгып, элине кереги тийген жакшы инсандардан болушсун! Өзүнүн жашоосунда жаман жолдо эмес, жакшы жолго умтулуп, жакшы жаштардан болушсун деп каалап кетер элем.

Окуучуларына жөнөкөйлүктү, эрктүүлүктү, намыскөйлүктү жана өжөрлүктү үйрөтүп, Кыргызстанга өз салымын кошуп, өлкөбүздүн гимнин жаңыртып жүргөнү менен сыймыктанган мекендешибиз Эмилбек мырзага көптөгөн ийгиликтерди кааламакчыбыз.

Нурлан ЭГЕМБЕРДИ уулу

Комментарии пользователей (4)

Ваш аватар
  



Фото юзера Жазгул
Жазгул 18.09.2017


Ийгилик Бостон клубуна ар дайым ийгиликтер коштоп журсун .
Фото юзера Турат
Турат 18.09.2017


Азаматсынар, Алга жигиттер
Фото юзера Аздек
Аздек 21.09.2017


Кыргыздын кыраан жигиттери четте жүрсө да, кыргыздын намысына жарап, кыргыз элим деп намысын коргоп келишет. Эмил инимдин эмгегин баалай жүрөлү!
Фото юзера Бостон
Бостон 25.09.2017


Рахмаат баарына айтканынар келсин Аллаа ыраазы болсун силерге

-->