Акын ФАТИМА АБДАЛОВАНЫН "ЖОЛДО БАСТЫМ ОЙЛОНУП" аттуу жаңы жыйнагы жарык көрдү

565 0


Акын Фатима Абдалованын жаңы чыгармаларынан турган кезектеги жыйнагында – эгемен жылдар ичиндеги Кыргызстандагы өзгөрүүлөр, оош-кыйыштар, адам жан дүйнүсүнүн майдаланышы, Улут уңгусунун келечеги өңдүү талуу маселелерден тарта жалпы Адамзаттык көйгөйлөр козголуп, алардан чыгуунун абалтан келаткан Рухий көрөңгөлөрү көтөрүлгөн.
Китептин өзөгүндө – Адам-аалам феномени көп өңүттөн каралып ырга салынып, Үн катпай «сүйлөп» турган Ааламды, анын табышмактуу сырларын, кыйырларын аңдоого изденүү жатат. Акынга мындан аркы чыгармачылыгында да жаңы толгонууларды, изденүүлөрдү кааламакчыбыз.

Анаркан КАМИЛОВА

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->