$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы Монреалдагы киносынакта баш байгеге арзыды

330 0



Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы Монреалдагы 41-эл аралык киносынакта “Золотой Зенит” баш байгесин алды. Бул тууралуу кабар менен Facebook барачасында актриса Замира Сатыбалдиева бөлүштү.

“Сүйүнчү! Сүйүнчү! Жакшы кабар менен бөлүшүп отурам. Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы Монреалдагы 41-эл аралык киносынакта “Золотой Зенит” баш байгесине татыды. Байге “Мыкты иновациялык фильм” категориясында берилди. Тасманы тарткандарды жана бул ишке аралашкандардын баарын татыктуу байге менен куттуктайм. Алга, Оскарга! Сыйлык тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун өз колуна тапшырылат”, – деп билдирди Замира Сатыбалдиева.


Булак: 5news.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->