$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Бир да жолу жеңилүү ызасын тартпаган, 26 жаштагы бокс боюнча дүйнө чемпиону Анжелик Дюшман дүйнө салды

623 0



Бир да жолу жеңилүү ызасын тартпаган, бокс боюнча жеңил салмак категориясында дүйнө чемпиону франциялык спортчу Анжелик Дюшман 26 жашында каза болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ал 28-август күнү кечинде машыгуу учурунда өзүн жаман сезип, "Тез жардам" менен Франциянын Перпиньян шаарындагы бейтапканалардын бирине жеткирилген. Көрсөтүлгөн жардамдарга карабай спортчу кечээ, 29-августта эртең менен каза болгон. Ал өпкө артерияларынын эмболиясынан улам көз жумганы болжолдонууда.

2017-жылдын май айында ал мушкер Эрик Руссону жеңип, дүйнө чемпиону аталган. Дюшман 12-октябрда аталган өлкөнүн Монпелье шаарында өзүнүн титулун коргомок.

Профессионалдуу рингде Анжелик 2012-жылдан бери келе жаткан. Ал жалпы 14 уруш өткөрүп, үчөөнү нокаут менен жеңген, бир да жолу жеңилген эмес.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->