Мейвезер-Макгрегор беттешиндеги гонорардын суммасы маалым болду

1608 0



Невада штатынын атлетикалык комиссиясы америкалык мушкер Флойд Мейвезер менен ирландиялык Конор Макгрегордун Лас-Вегаста өтө турган беттешиндеги расмий гонорардын суммасын жарыялады. Маалым болгондой беттешке чыккандыгы үчүн Мейвезер 100 миллион доллар, ал эми Макгрегор 30 миллион доллар алмакчы. Бул - оюндун жыйынтыгынан көз карандысыз, мушкерлердин рингге чыккандыгы үчүн гана убадаланган сумма. Ага жыйынтык боюнча каралган гонорар жана сатылган билеттердин пайыздык бөлүгү кошулган эмес. Себеби анын баары мелдештин соңунда гана эсептелинет жана жалпы сумма жогорудагы гонорардан бир канча эсеге көбөйөт.

Эки чемпиондун беттеши Лас-Вегаста бүгүн, 26-августта орун алат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, оюндан 600 миллион доллардай киреше түшөрү айтылууда.

Флойд Мейвезер 2015-жылы спорттук карьерасын жыйынтыктаган. Ал профессионалдык рингде жалпы 49 беттеш өткөрүп баарында жеңишке жетишүү менен рекорд койгон. Мейвезер бокс боюнча 5 салмак категориясында чемпиондукту камсыздаган. Ал эми Конор Макгрегор буга чейин бокс боюнча бир дагы беттеш өткөргөн эмес. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган. UFC'нин эрежеси боюнча бут, чыканак жана тизе менен урууга болот. Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетип, үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->