Көк бөрү: Кыргыз улакчылары Түркия курамасын 13:3 эсеби менен жеңди

406 0



Казакстандын Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары Түркия курамасын 13:3 эсеби менен жеңди.

Оюндун 1-бөлүгүндө Кыргыз улакчылар 7:2 эсебинде жеңишке жетип, тыныгууга кеткен.

2-бөлүктө Кыргыз курама командасы 6 улак таштаса, түркия командасы 1 улак менен жооп кайтарган.

Эске салсак, кечээ 22-августта Кыргыз курамасы өзбек улакчыларын 11:2 эсебинде жеңген.

21-августта Кыргыз курама командасы Монголия курамасы менен беттешип 4:0 эсебинде жеңип алган.

Маалымдай кетсек, аталган мелдеш "EXPO-2017" көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жатат. Анда жалпы 12 курама команда катышып 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары менен беттешет.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->