$ 68.04 - 68.29
€ 79.42 - 80.30

АКЫН ФАТИМА АБДАЛОВАГА «БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНУН АРДАКТУУ АТУУЛУ» НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

703 1


Мамлекет башчыбыз тарабынан быйылкы 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялангандыгы белгилүү. Мына ушул мамлекеттик программанын алкагында белгилүү акын, Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов атындагы абройлуу адабий сыйлыктардын лауреаты Фатима Абдалованын Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Кочкор-Ата шаарында “Ырым – менин ыйманым” аттуу поэзия кечеси уюштурулуп, “Жолдо бастым ойлонуп” аттуу жаңы китебинин бетачары болуп өттү.
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында эл менен болгон жолугушуу учурунда акын Фатима Абдаловага “Базар-Коргон районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.



KYRGYZTIMES.KG

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера Айсалкын
Айсалкын 23.08.2017


Фатима эже, "Ардактуу атуул" төш белгиңиз кут болсун! Чыгармачылыгыңызда, абан-албан ийгиликтер боло берсин!

-->