$ 69.05 - 69.29
€ 80.63 - 81.69

Милиция ырчы Абдумалик Шерматовдун камалышынын себептерин айтты

3421 0



Ырчы Абдумалик Шерматов 15-август күнү кармалып, 16-августта Свердлов райондук сотунун чечими менен эки жумага тергөө абагына камалды. Ага “алдамчылык” беренеси менен айып тагылып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

"2017-жылдын 22-майында Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2015-жылы Абдумалик Шерматов анын ишенимине кирип 690 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтып, мыйзам чегинде чара көрүүсүн сураган. Анын арызынын негизинде териштирүү иштери жүрүп, 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козголгон. 15-августта анын жүргөн жери аныкталып, кармалган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.



Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->